Иран: "Куранга кол салууларга чыдап тура албайбыз"

Абдуллахиян малайзиялык кесиптеши Замбри Абдулкадир менен борбор шаар Тегеранда Тышкы иштер министрлигинин имаратында маалымат жыйын өткөрдү.

2027397
Иран: "Куранга кол салууларга чыдап тура албайбыз"

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян, Куранга каршы кол салуулар жасалган Дания жана Швецияга кайрылып, Ислам дүйнөсүнүн мындан ары бул урмат-сыйсыздыкка чыдап тура албасын айтты.

Fars агенттигинин маалыматына караганда, Абдуллахиян малайзиялык кесиптеши Замбри Абдулкадир менен борбор шаар Тегеранда Тышкы иштер министрлигинин имаратында маалымат жыйын өткөрдү.

Абдуллахиян: «Малайзиянын тышкы иштер министри менен жолугушуубузда биз ыйык китептерге, Ибрахим диндерине жана Куранга карата урмат-сыйсыздыкты катуу айыптадык. Иран Ислам Республикасынын атынан Швеция менен Данияга Ислам дүйнөсү жана Ислам Үммөтүнүн мындан ары Курани Каримге болгон урмат-сыйсыздыкка чыдап тура албай турганын эскертип кетким келет»,-деди.

Дания жана Швецияда Куранга карата урмат-сыйсыздык улана турган болсо «Европада радикализм, зомбулук жана терроризм күчөй турганын» баса белгилеген Абдуллахиян: «Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин жыйынында күн тартибине Швеция жана Дания товарларына бойкот жарыяланды. Бул маселени Ислам өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери карайт. Швеция менен Дания кеч боло электе туура эмес багыттарын карап чыгышы керек»-деп айтты.



Тектеш кабарлар