Иран Дания менен Швециянын убактылуу ишенимдүү өкүлдөрүн министрликке чакыртты

Даниялык жана швециялык дипломаттар Ирандын каршылыгын өз өлкөлөрүнө билдирерин айтышты.

2026981
Иран Дания менен Швециянын убактылуу ишенимдүү өкүлдөрүн министрликке чакыртты

Дания жана Швецияда Куранга кол салуулар уланып жатканы боюнча Иран бул өлкөлөрдүн Тегерандагы убактылуу ишенимдүү өкүлдөрүн Тышкы иштер министрлигине чакыртты.

Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда, Тышкы иштер министрлигине чакыртылган Дания менен Швециянын ишенимдүү өкүлдөрүнө Куранга карата урмат-сыйсыз аракеттерге Ирандын каршылыгы билдирилди.

Куранга жана Исламдын ыйык китептерине каршы кайталанган аракеттерди Ирандын катуу айыптаганы белгиленип, убактылуу ишенимдүү өкүлдөргө Куранга акаараттын оор кесепеттеринин жана бардык жоопкерчиликтин Швеция менен Дания өкмөттөрүндө экени эскертилди.

Даниялык жана швециялык дипломаттар болсо Ирандын каршылыгын өз өлкөлөрүнө билдирерин айтышты.



Тектеш кабарлар