Британияда Ковид - 19дун жаңы варианты биринчи жолу аныкталды

Британиянын Саламаттыкты сактоо коопсуздугу боюнча агенттиги (UKHSA) коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) "BA.2.86нын" Израиль менен Даниядан кийин  Британияда да чыккандыгын жарыялады.

2026618
Британияда Ковид  - 19дун жаңы варианты биринчи жолу аныкталды

Британиянын Саламаттыкты сактоо коопсуздугу боюнча агенттиги (UKHSA) коронавирустун жаңы түрү  "BA.2.86нын" Израиль менен Даниядан кийин  Британияда да чыккандыгын жарыялады.

Саламаттыкты сактоо коопсуздугу боюнча агенттигинен берилген маалыматта Омикрон вариантынын бир түрү катары ортого чыккан жаңы варианттын жакынкы учурда саякатка чыкпаган бир кишиден чыккандыгы белгиленди. 

Билдирүүдө  "BA.2.86нын" учурда табылган варианттар менен Омикронго геномдук жактан алыс экендиги жана көп санда мутацияга учурагандыгы  айтылды.

Саякатка чыкпаган бир кишиде бул вирустун чыгышы өлкө ичиндеги жугууну көрсөткөндүгү белгиленген билдирүүдө азырынча жаңы варианттын өзгөчөлүктөрү жана олуттуулугу жактан жетерлик маалыматтын жок экендиги маалымдалды.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун кечээ берген билдирүүсүндө аты BA.2.86 деп билирилген варианттын абалын ташыган көп сандаган мутациядан улам "байкоо астындагы вариант" деп жаңылаган.

 



Тектеш кабарлар