Латвиянын премьер - министри отставкага кетти
Каринс социалдык тармактан кызматтан кеткенин жарыялады.
Латвиянын отставкага кеткен премьер-министри Крисянис Каринш кызматтан кетүү тууралуу арызын президент Эдгарс Ринкевичке тапшырды.
Каринш социалдык тармактан кызматтан кеткенин жарыялады.
Латвиянын келечеги үчүн иштердин улантылышы керектигин белгилеген Каринш : "Маанилүү өзгөрүү, экономикалык өсүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган жаңы жана күчтүү бир өкмөттүн түзүлүшү үчүн бүгүн президент Ринкевич менен жолугуп арызымды бердим",- деди.
Каринш 14-августтагы билдирүүсүндө отставкага кетүүсүнүн негизи катары коалициядагы өнөктөш партиялар "Бирдиктүү тизме" менен "Улуттук альянсты" бутага алган.
"Жаңы Биримдик" партиясынын лидери Каринс, партиясынын премьер-министрлик талапкерлигине Эвика Силинаны көрсөттү.
Тектеш кабарлар
БУУ Газага гуманитардык жардам кигизе албаганын, балдар менен аялдар жапа чегип жатканын эскертти
БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттерге билдирүү жасады.