Германияда кара куурай мыйзамдашууда

Саламаттыкты сактоо министри Карл Лаутербах борбор калаа Берлинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында «Кара куурайдын көзөмөлгө алынышы» деп аталган мыйзам долбоорунун чоо-жайын тааныштырды.

2025560
Германияда кара куурай мыйзамдашууда

Германияда министрлер кеңеши кара куурайды колдонууну чектелген мыйзамдаштыруу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан даярдалган мыйзам долбоорун жактырды.

Саламаттыкты сактоо министри Карл Лаутербах борбор калаа Берлинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында «Кара куурайдын көзөмөлгө алынышы» деп аталган мыйзам долбоорунун чоо-жайын тааныштырды.

Мыйзам долбооруна ылайык, кара куурай баңгизаттардын тизмесинен чыгарылат. Чоңдорго 25 граммга чейин кара куурай кармап, жеке керектөө үчүн 3 өсүмдүк өстүрүүгө уруксат берилет. Эң көп 500 мүчөсү боло турган «каннабис коомдук клубдары» кара куурай өстүрө алышат жана алардын мүчөлөрүн кара куурай менен камсыздай алышат. Мүчө бул бирикмеден айына эң көп дегенде 50 грамм кара куурай сатып ала алат.

Мектептерге, бала бакчаларга, оюн аянтчаларына жана спорт залдарына 200 метр аралыкта кара куурай колдонууга тыюу салынат. Ошондой эле 18 жашка чыга электерге кара куурайды колдонууга тыюу салынат.

Саламаттыкты сактоо министри Лаутербах мыйзам долбоору мурда ийгиликсиз болгон дары саясаты үчүн бурулуш учур экенин жана кара куурайдын мыйзамсыз колдонулушун жана кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталганын билдирди.

Мыйзам долбоору менен кара куурайды колдонууну «контролдук легалдаштыруу» планын сунуштаганын айткан Лаутербах: «Биз (марихуана) керектөөнү чектеп, аны коопсуз кылгыбыз келет»,-деп өз баасын берди.

Жылдын аягына чейин мыйзамга айлануусу пландалган мыйзам долбоору Бундестаг тарабынан да бекитилиши керек.



Тектеш кабарлар