Гавайиде 111 адам каза болду

Мауи администрациясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта токой өрттөн каза болгондордун саны 111ге жеткени билдирилди.

2026024
Гавайиде 111 адам каза болду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Гавайи штатындагы эң чоң аралдардын бири болгон Мауидеги токой өрттөн каза болгондордун саны 111ге жетти.

Мауиде 8-августта башталган токой өртүнүн саны барган сайын күчөп баратат.

Мауи администрациясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта токой өрттөн каза болгондордун саны 111ге жеткени билдирилди.

Каза болгон 5 адамдын өздүгү такталып, үй-бүлөлөрүнө кабар берилгени, издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканы белгиленди.

Миңден ашуун адам дагы эле дайынсыз экени айтылууда.

Гавайи штатынын губернатору Жош Грин кырсык болгон аймактын 27 пайызын каптаганын жана жакынкы 10 күндө каза болгондордун саны бир топ, ал тургай эки эсеге көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.

Күйүп жаткан үйлөрдүн, жумуш орундарынын жана тарыхый жерлердин күлүнүн арасында издөөнүн кыйын экенин, жансыз денелердин чоңураак таанылбай турганын, манжа издеринин сейрек кездеше турганын белгилеген Грин, идентификациянын оңой эмес экенин айтты.

Мауи өзгөчө кырдаалдар агенттиги аралды калыбына келтирүүгө алгачкы эсептөөлөр боюнча 5,52 миллиард доллар керектелерин билдирди.

АКШнын тарыхындагы эң көп өлүмгө учураткан токой өртүндө сын жебелеринин бутасы болгон АКШнын президенти Жо Байден жубайы Жилл Байден менен дүйшөмбү күнү, 21-августта Гавайиге барат.

Байдендин Гавайиге качан барары тууралуу журналисттин суроосуна «Комментарий жок» деп жооп бергени каршы чыгууларды тарткан.



Тектеш кабарлар