Британия музейинде айрым чыгармалар дайынсыз жоголду

Лондон метрополитен полициясы да, музей жетекчилиги да экспонаттар боюнча тергөө ишин  баштады.

2025905
Британия музейинде айрым чыгармалар дайынсыз жоголду

Британиянын  жана дүйнөнүн эң маанилүү музейлеринин бири болгон Британия музейинин кампаларында көптөгөн экспонаттар жоголуп, уурдалып же зыян тарткандыгы белгилүү болду.

Британия музейинен жасалган билдирүүгө караганда кампалардан табылган кээ бир айнек жана алтын буюмдар, зер буюмдар жана баалуу таштар жоголгон, уурдалган же зыян тарткандыгы белгиленди. 

Сөү болуп жаткан экспонаттардын эч биринин көргөзмөгө коюлбаганы белгиленген билдирүүдө биздин заманга чейинки 15-кылым менен 19-кылымга таандык эмгектердин академиялык изилдөө максатында кампаларда тургандыгы билдирилди.

Билдирүүдө экспонаттардын кичинекей бөлүктөр экендиги, экспонаттардын жоголушу, уурдалышы жана зыян тартышынан жооптуу болгон музей кызматкерлери жумуштан бошотулуп, мыйзам чегинде чара көрүлгөнү айтылды.

Сөз болгон экспонаттар тууралуу Лондон метрополитен полициясы да, музей жетекчилиги да экспонаттар боюнча тергөө ишин  баштады.

 

 



Тектеш кабарлар