Ливиядагы кагылышуулар жана ок атышууну токтотуу...

Мамлекетке караштуу Биринчи жардам жана колдоо борборунан жасалган билдирүүдө Триполиде мурунку күнү башталган кагылышууларда каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу маалымат берилди.

2025082
Ливиядагы кагылышуулар жана ок атышууну токтотуу...

Ливиянын борбор шаары Триполиде эки күндөн бери уланган кагылышууларда 27 киши каза болуп, 106 киши жаракат алды.

Мамлекетке караштуу Биринчи жардам жана колдоо борборунан жасалган билдирүүдө Триполиде мурунку күнү башталган кагылышууларда каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу маалымат берилди.

Эки күндөн бери уланган кагылышууда 27 кишинин каза болгону, 106 кишинин жарадар болгону маалымдалды.

Мурдагы күнү борбор калаанын айрым аймактарында Ливиянын Президенттик Кеңешинин төрагалыгынын алдындагы кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүү бөлүмү «Рада» менен Улуттук Биримдик өкмөтүнө караштуу «444 бригаданын» ортосунда кагылышуу башталган.

Ливия бийлиги кечээ борбор калаанын түштүгүндө жана Айн Зара аймактарында кагылышуулар уланганын жарыялады.

Кагылышуунун себептери тууралуу расмий билдирүү берилбесе да, Ливиянын басма сөзүндө кагылышуунун чыры «444 бригаданын» командири Махмуд Хамзанын Кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүү бөлүмү «Рада» тарабынан кармалышы менен тутанганы тууралуу кабарлар чыкты.

Ливиянын Улуттук Биримдик Өкмөтү борбор шаар Триполиде эки күндөн бери уланып жаткан кагылышууда ок атышпоо жарыяланганын жарыялады.

Премьер-министр Абдулхамид Дибейбенин Триполидеги Суг эл-Жума аймагынын аттуу-баштуулары менен «444 бригада» командири Махмуд Хамзанын «нейтралдуу бөлүккө» берилиши жана ок атышпоонун камсыздалышы үчүн макулдашканы жарыяланды.

Сөз болуп жаткан «нейтралдуу бөлүм» тууралуу эч кандай маалымат берилбесе да, Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн Байланыш жана Саясий иштер боюнча мамлекеттик министри Валид ал-Лафи да «444 бригаданын» командири Хамзанын «нейтралдуу бөлүмгө» тапшырылганын билдирди.

Бир тараптан Триполидеги кагылышуулардан улам абайлоо максатында Мисрата шаарына жөнөтүлгөн учактар ​​борбордогу Эл аралык Митига аэропортуна кайтып келе баштады.

Ливияда чыгуучу «Марсад» гезитинин кабарына караганда, Митига аэропортунда каттамдарды кайра баштоого даярдыктар акыркы баскычка жетти.

Ливиянын мамлекеттик жана жеке менчик авиакомпаниялары дүйшөмбүгө караган түнү Триполиден 200 чакырым чыгыштагы Мисрата шаарындагы аэропортко жеткирилген учактарды кайра чакыртып ала башташты.



Тектеш кабарлар