Кытай менен Индия макулдашты

Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу чек ара аймактарындагы чыңалууну басаңдатуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн 19-айлампасы 14-15-августта Чушул чек ара аймагынын Индия тарабында өткөрүлгөн.

2025382
Кытай менен Индия макулдашты

Кытай менен Индия Гималайдагы талаштуу чек ара аймактарындагы чыңалууну жөнгө салуу боюнча жаңы тур сүйлөшүүлөрүнөн кийин “тынчтык жана бейпилдикти сактоого” макул болгонун билдиришти.

Эки өлкөнүн армияларынын ортосундагы чек ара чыңалуусун басаңдатуу максатында корпустун командирлеринин деңгээлиндеги 19-сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар жарыялаган биргелешкен билдирүүдө, «Көзөмөл линиясынын (LAC) батыш секторундагы калган көйгөйлөрдүн тез арада чечилиши темасында макулдашуу түзүлгөнү» айтылды.

Билдирүүдө: «Эки тарап ага чейин чек ара аймактарында тынчтыкты жана бейпилдикти сактоого макулдашты»,-деп маалымдалды.

Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу чек ара аймактарындагы чыңалууну басаңдатуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн 19-айлампасы 14-15-августта Чушул чек ара аймагынын Индия тарабында өткөрүлгөн.

2020-жылдан бери 18 жолу өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар чыңалууну жараткан 3 аймактан аскерлерин чыгарып кетүүнү макулдашкан.

Апрель айындагы сүйлөшүүлөрдүн 18-турунда Депсан платосу жана Демчок аймагынан чегинүү боюнча келишим түзүлө алган жок.

Сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасында да аталган аймактар ​​боюнча азырынча эч кандай макулдашууга жетишилбегени белгиленди.



Тектеш кабарлар