Дуда Орусияга каршылык көрсөттү
Варшавада Латвиянын президенти Эдгарс Ринкевич менен жолугушкан Дуда маалымат жыйынында баа берди.
Польшанын президенти Анджей Дуда Польша чек араларынын Беларусь тарабынан гибриддик түрдө кол салууга дуушар болгонун билдирип: «Мунун Орусия менен кызматташууда болгонунан күмөн санабайбыз»,- деди.
Өлкөсүнүн борбор шаары Варшавада Латвиянын президенти Эдгарс Ринкевич менен жолугушкан Дуда маалымат жыйынында баа берди.
Дуда жолугушууда коопсуздук, экономика, энергетика жана инфраструктура маселелеринин талкууланганын кабарлады.
Жолугушуунун эң маанилүү темасынын 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан Украина-Орусия согушу жана Беларустун Польша чек арасына карай гибриддик кол салуу коркунучу экенин белгилеген Дуда: «Польша чек араларынын Беларусь тарабынан гибриддик түрдө кол салууга дуушар болгону сыяктуу маселе бар жана мунун Орусия менен кызматташууда болгонунан күмөн санабайбыз»,-деп айтты.
Дуда жолугушууда Украинага колдоо жана кызматташтык, НАТОнун акыркы саммитинин жыйынтыктары жана эки тараптуу аскердик кызматташтыктын да талкууланганын билдирди.