Индияда сел жана жер көчкүдөн 55 киши каза болду

Нөшөрлөгөн жамгыр жана шамал өлкөнүн түндүгүндөгү Химачал - Прадеш штатына таасирин тийгизүүдө.

2024964
Индияда сел жана жер көчкүдөн 55 киши каза болду

Индияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 55ке жетти.

Нөшөрлөгөн жамгыр жана шамал өлкөнүн түндүгүндөгү Химачал - Прадеш штатына таасирин тийгизүүдө.

Гимачал - Прадештин премьер-министри Сухвиндер Сингх Сукунун маалымат каражаттарына билдиргенине караганда, штатта нөшөрлөгөн жамгырдан улам 55ке жакын адам каза болду.

Суху каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсызданып жатканын, издөө - куткаруу жана калыбына келтирүү иштери уланып жаткандыгын айтты.

Штаттын полициясы Бхакра дамбасында суунун көлөмү кыйла көбөйгөндүктөн дарыя жээгиндеги тургундарды сак болуу боюнча эскертти.

Химачал - Прадеш штатынын табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгы да штаттын жүздөгөн жолдору кыймылга жабылганын жарыялады.

 

 



Тектеш кабарлар