Индияда болгон сел жана жер көчкү

Индияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү жүрүп, 50дөн ашуун адам каза болду.

2024832
Индияда болгон сел жана жер көчкү

 Индияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү жүрүп, 50дөн ашуун адам каза болду.

The Times of India гезитинин кабарына караганда, өлкөнүн Химачал-Прадеш штатында нөшөрлөгөн жамгыр жана шамал таасирдүү болууда.

Химачал-Прадештин премьер-министри Сухвиндер Сингх Суху X социалдык медиа платформасында жасаган билдирүүсүндө, акыркы 24 саатта штатта 50дөн ашык адамдын каза болгонун, 20дан ашык адамдын турган жеринен чыга албай  калганын белгилепказа болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экендигин билдирди. Химачал-Прадеш штатынын Шимла шаарындагы Шив храмындагы жер көчкүдөн кийин 14 адамдын сөөгү табылды.

NDTV телеканалынын кабарына караганда, ички иштер министри Амит Шах, Улуттук апаатка жооп берүү күчтөрүнүн (NDRF) издөө жана куткаруу иштери үчүн провинцияда иштей баштаганын билдирди.

Индиянын Метеорологиялык департаменти (IMD) эки штатка тең "кызыл эскертүү" жарыялап, кийинки 24 саатта Химачал-Прадеш жана Уттаракханд штаттарынын ар кайсы аймактарында катуу жааган жамгырдын улана тургандыгын маалымдады.



Тектеш кабарлар