Англиядагы качкындар кемеси

Sky News телеканалына сүйлөгөн, аты аталбаган иммигрант өпкө оорусунун бир түрүн пайда кылган легионелла бактериясы табылгандан кийин бошотулган Bibby Stockholm кемеси тууралуу маалыматтарды бөлүштү.

2024808
Англиядагы качкындар кемеси

Улуу Британиянын башпаанек издегендер үчүн даярдаган Bibby Stockholm кемесине жайгаштырылган бир иммигрант: «Бизге жаныбарлардан да жаман мамиле жасалууда»,-деди.

Sky News телеканалына сүйлөгөн, аты аталбаган иммигрант өпкө оорусунун бир түрүн пайда кылган легионелла бактериясы табылгандан кийин бошотулган Bibby Stockholm кемеси тууралуу маалыматтарды бөлүштү.

Кемеге жеткирилгени үчүн өкүнгөнүн белгилеген иммигрант, Бибби Стокгольмдо өмүрлөрүнүн коркунучта экенин белгиледи.

Бактериясы бар сууну ичкендерин жана душта колдонгондорун айткан башпаанек издеген адам: «Алар суунун үлгүсүн алып жатабыз дешет, бирок жыйынтык чыга электе эле, эч кимибизге маани бербегендей кылып ошол жерге коюшту. Ичинде жашоого жарамдуу экенин текшериш керек болчу. Эмнеге жыйынтыкты күтүп, баары жакшы экенине ынанышкан жок? Бизге жаныбарлардан да жаман мамиле жасалып жатат. Алар бизди коркунучка салды»,-деп айтты.

Бактерия 7-августтан бери белгилүү болгон деген кабарга шилтеме жасап, башпаанек издеген адам мындай деди: «Эгер билишсе бизди ал жакка отургузушпаса болмок. Эмнеге отургузуп коюшту? Ооруп калуудан корком. Бул жерде эч кимим жок, үй-бүлөм да жок»,-деди.

Бибби Стокгольмго 7-августта жайгаштырылган иммигранттар 11-августта кемедеги суулардан өпкө оорусунун бир түрүн пайда кылган легионелла бактериялары табылган соң кайра мейманканаларга көчүрүлгөн.

Биринчи этапта кемеге 39 эркек иммигрант жайгаштырылган болчу.



Тектеш кабарлар