Нигериядагы Боко Харамдын кол салуулары...

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Боко Харамдын мүчөлөрү Борно провинциясындагы Вулари кыштагына кол салышты.

2024036
Нигериядагы Боко Харамдын кол салуулары...

Нигерияда террордук уюм Боко Харам уюштурган кол салууда 13 киши каза болду.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Боко Харамдын мүчөлөрү Борно провинциясындагы Вулари кыштагына кол салышты.

Кол салууда 13 жай тургун каза болуп, көп сандаган киши жаракат алды.

Нигерияда 2000-жылдардын башынан бери уланып келе жаткан Боко Харам уюштурган массалык зордук-зомбулук акцияларында он миңдеген адамдар каза болду.

Уюм 2015-жылдан бери өлкөнүн чек арадагы коңшулары Камерун, Чад жана Нигерде да кол салууларды уюштуруп келет.

Бир тараптан Кадуна провинциясында куралчан адамдар тарабынан акча үчүн барымтага алынган 10 киши операция менен куткарылды.

Армиянын коомчулук менен байланыш директорунун орун басары Муса Яхая, Кадуна провинциясынын Чикун аймагына караштуу Йеро айылында куралдуу адамдарга карата операция жүргүзүлүп, барымтага алынган 10 кишинин куткарылганын белгиледи.

Операцияда куралдуу 3 адамдын таасирсиз абалга келтирилгенин белгилеген Яхая, курал жана ушуга окшош ок-дарылардын да колго түшүрүлгөнүн бөлүштү.

Нигерияда адам уурдоо үчүн жаза өлүм жазасына тартуу болсо да, кун үчүн адам уурдоо кеңири таралган.



Тектеш кабарлар