Иран менен Ооганстандын ортосундагы суу маселелери...

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Хасан Казими Куми тема боюнча маалымат берди.

2024110
Иран менен Ооганстандын ортосундагы суу маселелери...

Иран менен Ооганстандын ортосундагы «суу укугу» талкуулары менен күн тартибине чыккан Ооганстандагы Гилменд дарыясынын булагы биринчи жолу ирандык адистер тарабынан иликтенди.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Хасан Казими Куми тема боюнча маалымат берди.

Куми: «Ирандык адистер Дех Равуд аймагында (Гилменд дарыясынын булагы жайгашкан) иликтөө жүргүзүштү. Бул биринчи жолу болуп жатат»,-деди.

Ирандык аткаминер эксперттер дагы эле Ооганстандын борбору Кабулда экенин жана алар тез арада отчетторун даярдай турганын белгиледи.

Гилменд дарыясы Ооганстандын Бамиан провинциясындагы Гиндукуш тоолорунун уландысы болгон Баба тоолорунан башталат. 1100 километр аралыктан өткөн дарыянын суулары Иран-Ооган чек арасындагы Хамун көлүнө куят.

Ооганстан менен Ирандын ортосундагы Гилменд суу жолунда суу маселеси 1973-жылы жетишилген келишим менен чечилген.

Келишимге ылайык, Ооганстан суу жолу аркылуу Иранга «кадимки шарттарда» секундасына 26 куб метр суу жеткирүүгө милдеттенген. Мунун 22 куб метри «Ирандын сууга укугу» деп белгиленсе, 4 куб метри Ооганстандын Иранга карата «жакшы ниетинин көрсөткүчү» деп белгиленген.

Ага карабастан, келишимде кургакчылык мезгилде Иранга агып жаткан суунун көлөмү секундасына 26 куб метрден төмөн болушу мүмкүн экени да айтылган.

Акыркы жылдарда Ооганстандагы кургакчылыктан улам Иранга агып жаткан суунун көлөмүнүн азайышы Тегеран администрациясын тынчсыздандыра баштады.

Кургак мезгили тез-тез болгон эки өлкө 1973-жылы кол коюлган келишимге берилгендигин билдиришсе да, суу көйгөйүнөн улам бири-бири менен беттешүүдө.

Талибан башкаруусу аймактагы кургакчылыктан улам Гилменд дарыясынын жээгиндеги Кечеки дамбасында суу жоктугун, ошондуктан Иран тарапка суу жетпегенин жүйө келтирсе, Иран техникалык делегациянын дамбага барып, бул абалды ырастоосу керектигин билдирди. Талибдер болсо бул талапты жакшы кабыл алышкан жок.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси 18-майда Систан-Белужистан провинциясына болгон сапарында бул темага байланыштуу билдирүү жасап: «Эксперттерибиз суунун тартыштыгын ырастаса, айта турган эч нерсебиз жок, антпесе элибиздин укуктарыбыздын бузулушуна жол бербейбиз. Мен Ооганстандагы башкаруучуларга Иранга дароо суу укугун берүүсүн эскертем»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар