Ла-Манш деңизинде кеме чөгүп 6 адам каза болду
Франциядан жол тарткан кеме эртең менен Ла-Манш аркылуу өтүүгө аракет кылып жатып оодарылып кетти.
Англия менен Франциянын ортосундагы Ла-Манш деңизинде мигранттарды ташыган кеме оодарылып, алты адам каза болду.
Франциядан жол тарткан кеме эртең менен Ла-Манш аркылуу өтүүгө аракет кылып жатканда оодарылып кетти.
Француз каналы жана Түндүк деңиз аймагынын деңиз иштери башкармалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, издөө иштеринде 50дөн ашуун кишинин куткарылганы, 6 кишинин каза болгону белгиленди.
Британиянын Жээк коопсуздук кызматы да куткаруу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн персонал жиберилгенин билдирди.
Франциянын түндүгүндөгү Кап Грис-Нез жээгинде болгон окуядан кийин 5 француз кемеси, 2 англис кемеси жана 1 тик учактын катышуусунда издөө-куткаруу иштери уланууда.
Дүйнөдөгү эң кыймылдуу жүк ташуу жолдорунун бири болгон Франция менен Англиянын ортосундагы Ла-Маншта катуу агымдар кичинекей кемелер үчүн өтүүлөрдү кооптуу кылат.