Блинкен-Кулеба телефондогу сүйлөшүүлөрү...

Бул темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер Блинкендин Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

2021610
Блинкен-Кулеба телефондогу сүйлөшүүлөрү...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Сауд Арабиядагы Украина жолугушуусун жана узак мөөнөттүү коопсуздук чараларын талкуулады.

Бул темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер Блинкендин Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

Эки министрдин Украинанын Орусияга контр чабуулдарында болгон абалдар менен Сауд Арабиянын Жидда шаарында Украинадагы «акыркы кездеги адилеттүү жана туруктуу тынчтык сүйлөшүүлөрүн» сүйлөшкөнүн белгилеген Миллер, эки өлкөнүн ортосундагы узак мөөнөттүү коопсуздук чараларын да сүйлөшүшкөнүн белгиледи.

Миллердин айтымында, Блинкен АКШнын Украинанын Орусияга каршы күрөшүндө, ошондой эле күчтүү украин армиясын жана жоопкерчиликтүү коргонуу институттарын колдоорун ырастады.

2022-жылдын 24-февралынан бери уланып келе жаткан Орусия-Украина кризисинин чечилиши үчүн Түркия баш болгон ар кайсы өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда 5-6-августта Жиддада жыйын өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар