Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу өрт өчүрүү үчүн чөйрөдөгү өлкөлөрдөн жардам сурады

Рум маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда Лимассолдун Аласа айылына жакын жерде бейшемби күнү чыккан жана өчүрүлгөн токой өртү бүгүн кайрадан башталды.

2020959
Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу өрт өчүрүү үчүн чөйрөдөгү өлкөлөрдөн жардам сурады

Түштүк Кипр Рум Башкаруучулу (ТКРБ) Лимассолдогу токой өртү менен күрөшүү үчүн аймак өлкөлөрүнөн жардам сурады.

Рум маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда Лимассолдун Аласа айылына жакын жерде бейшемби күнү чыккан жана өчүрүлгөн токой өртү бүгүн кайрадан башталды.

Шамалдын таасири менен жайылган жана кээ бир отурукташуу жерлерине коркунуч жараткан өрттү өчүрүү аракеттери абадан жана кургактыктан уланып жатканда, өкмөттүн басма сөз катчысы Константинос Летимбиотис Тышкы иштер министрлигинин Израиль, Ливан, Египет жана Греция менен байланышка чыгып, жардам сураганын билдирди.

Кабарда Иордания тарабынан жиберилген 3 тик учактын аймактагы токой өртү менен күрөшүүгө активдүү катышканы, өрттүн чыгуу себеби жана өчүрүлгөндөн кийин кайра тутануу себептеринин иликтенип жатканы белгиленди.

Өрт башталгандан кийин Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) 5-августта Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) аркылуу Рум башкаруусуна жардам сунуштаган, Рум тарап болсо өрт өчүрүлгөндүктөн жардамга муктаж эместигин белгилеп ТКТРге ыраазычылык билдирген.



Тектеш кабарлар