Путин менен Африкадагы жети өлкөнүн лидерлеринин биргелешкен билдирүүсү

Орусиянын Президенттик сарайы Кремль Орусиянын президенти Владимир Путин менен Африкадагы жети өлкөнүн тынчтык миссиясынын лидерлеринин Украина кризисинин чечилишине байланыштуу биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.

2020384
Путин менен Африкадагы жети өлкөнүн лидерлеринин биргелешкен билдирүүсү

Украинага карата тынчтык миссиясына катышкан жети Африка өлкөсү жана Орусия, Орусиянын эгин экспортуна киргизилген санкцияларды алып салууга чакырды.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремль Орусиянын президенти Владимир Путин менен Африкадагы жети өлкөнүн тынчтык миссиясынын лидерлеринин Украина кризисинин чечилишине байланыштуу биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.

Лидерлердин 17-июндагы биринчи жолугушуусунда тараптардын гуманитардык темаларда аракеттерин уланта турганы баса белгиленип, балдар укуктары, ошондой эле Украина менен Орусиянын ортосундагы туткун алмашуу маселелеринде жылыш бар экендиги айтылды.

Орусиянын эгин жана жер семирткич экспортун талап кылган билдирүүдө:«Лидерлер Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчылыгы тарабынан 2022-жылдын 22-июлунда Стамбулда кабыл алынган Кара деңиз демилгесинин толук ишке ашырылышын камсыз кылуу максатында Орусиянын дан жана жер семирткич экспортуна тоскоолдуктарды жоюу боюнча конкреттүү кадамдарды жасоого чакырышты»,делди.

Билдирүүдө БУУнун Европа Биримдигиндеги кээ бир порттордо чыгуусу тосулган 200 миң тонна орус жер семирткичинин Африкага бекер жөнөтүлүшү үчүн керектүү кадамдарды ташташы керектиги баса белгиленип, «Лидерлер тынчтыкка жол ачуу үчүн Африка тынчтык демилгеси боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашты»,-деп айтылган.

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 28-июлда өткөн жолугушууларга Орусиянын президенти Путин жана Түштүк Африканын, Конгонун, Египеттин, Сенегалдын, Уганданын лидерлери, Африка биримдигинин мөөнөттүү президенти жана Комор аралдарынын президенти Азали Ассумани, ошондой эле Замбиянын тышкы иштер министри катышты.

Бул жолугушууларда жогоруда аталган декларация да кабыл алынды.



Тектеш кабарлар