Дуда: «Вагнердин ишмердүүлүгүн Орусия көзөмөлдөйт»

Өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Гдыня порт шаарындагы деңиз операциялар борборун иликтеген Дуда, аймактагы акыркы абалдар тууралуу баа берди.

2020472
Дуда: «Вагнердин ишмердүүлүгүн Орусия көзөмөлдөйт»

Польшанын президенти Анджей Дуда орусиялык «Вагнер» коопсуздук компаниясын «атайын аскерлер тобу» катары карабай турганын билдирип:«Чындыгында мен Вагнер жүргүзгөн иш-аракеттер орус бийлиги тарабынан көзөмөлдөнгөнүнөн күмөн санабайм», - деди.

Өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Гдыня порт шаарындагы деңиз операциялар борборун иликтеген Дуда, аймактагы акыркы абалдар тууралуу баа берди.

Дуда Орусиянын Балтика деңизинде өткөргөн машыгуусу тууралуу маалымат алганын жана бул машыгуунун 30 учак, 30 кеме жана 6 миң орус аскери менен аткарылганын белгиледи.

Балтика деңизиндеги абал тынымсыз көзөмөлдөнүп жатканын баса белгилеген Дуда: «Биз муну Украинада жүрүп жаткан согуш (2022-жылдын 24-февралынан бери), Орусиянын Украинадагы агрессиясы жана Москванын чыгыш чек араларыбыздагы иш-аракеттери менен байланыштырабыз»,-деп айтты.

Дуда Вагнердин Беларуста бар экенин да билишкенин, бирок алар Вагнерди «жеке жалданма топ» катары көрүшпөй турганын билдирип: «Биз аларга так эле жеке армия катары мамиле кылбайбыз. Чынында, мен Вагнер жүргүзүп жаткан иш-аракеттер орус бийлиги тарабынан көзөмөлдөнгөнүнөн эч кандай күмөнүм жок», - деди.



Тектеш кабарлар