Лукашенко Вагнер согушкерлери тууралуу маалымат берди

Белта агенттигинин маалыматына ылайык, Лукашенко Батыш саясатчылары Вагнер согушкерлеринин Сувалки коридорун басып алуу пландарынан тынчсыздана баштаганын билдирди.

2019010
Лукашенко Вагнер согушкерлери тууралуу маалымат берди

Беларусь президенти Александр Лукашенко өз өлкөсүндөгү «Вагнер» согушкерлери Польша менен Литва чек арасындагы Сувалки коридоруна жакын аймакка көчүрүлгөн деген айыптоолорду четке какты.

Белта агенттигинин маалыматына ылайык, Лукашенко Батыш саясатчылары Вагнер согушкерлеринин Сувалки коридорун басып алуу пландарынан тынчсыздана баштаганын билдирди.

«Сувалки коридору Беларуста эмес. Биз бул коридор менен же коридорго карай жылбайбыз. Бизге миңдеген жылдар бою анын кереги жок болчу. Эң башкысы тынч бололу»,-деп айткан Лукашенко ошондой эле Беларусь аскерлерин өз аймагында каалагандай жылдырарын белгиледи.

Лукашенко, «Вагнер» согушкерлеринин тажрыйбасына таянып, пландын чегинде өз коргонуусун түзүшкөнүн айтты.

Вагнер тобу Польшага сапарга барууну каалайт деген мурунку билдирүүсүн түшүндүргөн Лукашенко мунун тамаша болгонун айтты.

Лукашенко ошондой эле Польшанын Жешов шаарынан келген курал-жарак менен Бахмутта миңдеген Вагнер жоокерлери каза болгонун, ошондуктан бул согушкерлер Польшага каарданганын айтты.

Вагнер тобунун Польшага киришине тоскоол болгондорун белгилеген Лукашенко Варшава башкаруусунун бул үчүн рахмат айтуусу керектигин белгиледи.

Орусиядагы козголоңунда Вагнер согушкерлерине коопсуздук кепилдиги берүү менен мүмкүн болгон ички кагылышуунун алдын алганын түшүндүргөн Лукашенко бул согушкерлердин тажрыйбалуу экенин, эми тажрыйбасын Беларусь аскерлерине бекер өткөрүп жатканын айтты.

Вагнер тобунан 100гө жакын кишинин Сувалки коридорун көздөй жылдырылбаганын баса белгилеген Лукашенко, керек болсо топтун Брест жана Гроднодогу белорус аскерлеринин машыгуусу үчүн көчүрүлүшү мүмкүн экенин айтып: «Бул кишилер Белоруссиянын борбордук бөлүгүндөгү Осиповичинин жанында турушат жана эч жакка кетпейт. Алар буйрукту аткарууга көнүп калышкан»,-деди.



Тектеш кабарлар