ИКУ Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясына делегация жиберүүнү чечти

Куранга кол салууларды кароо үчүн кечээ өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун 18-Кезексиз тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин жасалган жазуу түрүндөгү маалымат ИКУнун барагында жарыяланды.

2018473
ИКУ Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясына делегация жиберүүнү чечти

Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) Курани Каримдин өрттөлүшүнө байланыштуу ыңгайсыздыгын билдирүү үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясына делегация жиберүүнү чечти.

Куранга кол салууларды кароо үчүн кечээ өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун 18-Кезексиз тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин жасалган жазуу түрүндөгү маалымат ИКУнун барагында жарыяланды.

Билдирүүдө Швеция жана Данияда Курандын ыйыктыгына кайталанган кол салуулар катуу айыпталганы айтылды.

ИКУ сөз эркиндиги деген ат менен жасалган мындай иштердин кайталанышына жол бербөө үчүн чараларды көрүү үчүн Евробиримдик комиссиясына делегация жөнөтүү чечимин чыгарганы кабарланды.

Билдирүүдө ИКУга мүчө өлкөлөрдөн Куран өрттөлгөн өлкөлөр менен карым-катнаштарын карап, керектүү позицияны алууга чакырды.

Бул контекстте мүчө мамлекеттерге саясий кадамдарды жасоо, анын ичинде Швеция жана Даниядагы элчилерин кеңешүү үчүн чакырып алуу сунушталды.

Билдирүүдө ошондой эле мусулмандарга жана исламдын ыйык символдоруна карата жасалган жийиркеничтүү кол салууларга терең баа берүү үчүн Исламофобия боюнча ИКУнун Аткаруу кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү чакырыгы айтылды.

ИКУнун кечээки онлайн жыйыны менен бир убакта Дания жана Швецияда да Курани Каримге кол салуулар болду.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан да ИКУнун 18-Кезексиз Тышкы иштер министрлер Кеңешине катышып, сөз сүйлөдү.

Сөз болгон процесс Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигинде тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде болгон кеңешүүлөрдөн кийин Ирак тарабынан демилгеленип, саммиттин төрагасы Сауд Арабиянын биргелешкен демилгеси менен ишке ашырылды.



Тектеш кабарлар