Орусия менен Молдованын дипломатиялык тирешүүсү
Молдова Орусиядан дипломатиялык кызматкерлердин санын 80ден 25ке кыскартуу чечиминен кийин 15-августтан тарта Молдовадагы Орусиянын элчилиги консулдук иштерин токтотот.
Орусиянын Молдовадагы элчилиги август айынан тарта консулдук иштерин токтотот.
Молдова Орусиядан дипломатиялык кызматкерлердин санын 80ден 25ке кыскартуу чечиминен кийин 15-августтан тарта Молдовадагы Орусиянын элчилиги консулдук иштерин токтотот.
Элчилик тараткан билдирүүдө 5-августтан тарта консулдук жолугушуулар «техникалык себептерден» улам токтотула турганы айтылган.
Молдованын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Захаров орус дипломаттары персона нон грата деп жарыяланган эмес деп билдирип: «Теңдикке жетүү үчүн гана алардан кетүүсү талап кылынган»,- деди.
Молдова Орусиянын Молдовадагы элчилигинин чатырына байкоо жүргүзүү үчүн жыйырмадан ашык антенна орнотулган деген маалыматтан кийин Орусиянын кызматкерлерин кыскартуу чечимин кабыл алган.