Зеленский Донецк облусунда согушуп жаткан украин аскерлерине барды

Зеленский Телеграм каналындагы билдирүүсүндө Донецк облусунда Часив Яр, Краматорск, Славянск, Дружковка, Костантиновка жана Бахмут багыттарында украин аскерлери менен жолугушканын билдирди.

2017748
Зеленский Донецк облусунда согушуп жаткан украин аскерлерине барды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусунда согушуп жаткан украин аскерлерине барды.

Зеленский Телеграм каналындагы билдирүүсүндө Донецк облусунда Часив Яр, Краматорск, Славянск, Дружковка, Костантиновка жана Бахмут багыттарында украин аскерлери менен жолугушканын билдирди.

Украинанын атайын операциялык күчтөрүнүн түзүлгөн күнү менен жоокерлерди куттуктап, аларга сыйлыктарды тапшырганын айтты Зеленский: «Украина жана украин элине каршы террордук актылар үчүн жооптуулар билиши керек, эгерде алар тирүү болсо, ар дайым адилеттүүлүк жеңет. Украина жеңет. Мен бул жеңишти жакындаткандардын баарына ыраазымын. Биздин жоокерлер биздин бүткүл жерлер жана элдер баскынчылардан бошотула турган күндү жакындатууда»,- деди.

Украин лидери ошондой эле Донецк облусундагы май куюучу станцияга токтоп, кофе ичип, аскерлер менен баарлашканын да бөлүштү.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен, Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерди жок кылууну максат кылганын айткан.



Тектеш кабарлар