Польша: «Вагнердин аскерлери чек арага жакындады»

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки басма сөзгө Белоруссиядагы Вагнер тобу жөнүндө маалымат берди.

2017739
Польша: «Вагнердин аскерлери чек арага жакындады»

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Беларустагы орусиялык жеке коопсуздук компаниясынын Вагнер тобуна таандык жалданма аскерлери Польшанын чек арасына жакындап келе жатканын билдирди.

Моравецкий басма сөзгө Белоруссиядагы Вагнер тобу жөнүндө маалымат берди.

Премьер-министр Моравецки Вагнерге таандык 100дөн ашуун жалданма аскер Литва менен Польшанын ортосунда Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан Орусиянын Калининград аймагына карай жылып жатканын билдирди.

«Азыр абал ого бетер кооптуу болуп баратат», - деп айткан Моравецки: «Бул, албетте, поляк жерине гибриддик чабуулдарга карай жасалган кадам»,-деп өз баасын берди.

Польшанын ички иштер министри Мариуш Камински да кечээ «Вагнердин катышуусунда олуттуу окуялар» боло турган болсо, Польша, Литва жана Латвиянын Беларусь менен чек араларын биргелешип жаба аларын билдирди.

Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожин июнь айында аны коштоп жүргөн жоокерлер менен орус бийлигине каршы куралдуу көтөрүлүш чыгарган. Көтөрүлүш Беларустун президенти Александр Лукашенконун кийлигишүүсү менен аяктаган.

Пригожин Белоруссияга кеткенден кийин Вагнердин өлкөгө отурукташуусун сунуштаган Лукашенко Беларусь армиясынын Вагнер согушкерлеринин тажрыйбасынан пайдалана ала турганын белгилеген.

Вагнердин негиздөөчүсү Пригожин 19-июлда анын жалданма аскерлери Беларустун аймагына кеткенин билдирген.

Беларусь армиясын «дүйнөдөгү экинчи армияга» айлантууну убада кылган Пригожин керек болсо алар менен бирге турабыз деп билдирген.

Вагнердин болушунан улам келип чыккан коркунучтардан улам Польша өз аскерлерин Беларустун чек арасына жылдырууну чечкен.



Тектеш кабарлар