Пакистан менен Австралия макулдашты
Пакистандын башкы штабынын төрагасы Шамшад Мирза расмий сапар менен жүргөн Австралиянын борбор шаары Канберрада башкы штабдын төрагасы Ангус Кэмпбелл менен жолугушту.
2017583
Пакистан менен Австралия эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы аскердик кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашты.
Пакистан радиосунун кабарына караганда, Пакистандын башкы штабынын төрагасы Шамшад Мирза расмий сапар менен жүргөн Австралиянын борбор шаары Канберрада башкы штабдын төрагасы Ангус Кэмпбелл менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу мамилелер, коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча кызматташуу талкууланды.
Мирза менен Кэмпбелл эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы аскердик кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашышты.
Тектеш кабарлар
Израиль армиясынын Женинге кол салуусунда 8 киши каза болду
Бул кол салууларда 21 палестиналыктын жараланганы кабарланды.