ДССУ: токой өрттөрү 40 адамдын өмүрүн алды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус апталык маалымат жыйынында өтө ысык аба ырайы түндүк жарым шарда ден-соолукка коркунуч жаратып жатканын билдирди.

2016879
ДССУ: токой өрттөрү 40 адамдын өмүрүн алды

Алжир, Греция, Италия жана Тунистеги токой өрттөрү 40 адамдын өмүрүн алып, миңдеген кишинин эвакуацияланышына себеп болду.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус апталык маалымат жыйынында өтө ысык аба ырайы түндүк жарым шарда ден-соолукка коркунуч жаратып жатканын билдирип: «Жогорку температура жана башка шарттар Алжирде, Грецияда, Италияда жана Тунисте 40 адамдын өмүрүн алып кеткен жана миңдеген адамдар эвакуацияланган токой өртүнө алып келди»,-деди.

Дүйнөлүк Метеорология Уюмунун (ДМУ) өткөн айда жарыяланган отчетунда «Европа эң ылдам жылыган аймак» деген маалыматка орун бергенин эске салган Гебреисус, ДМУнун жаңы отчетуна ылайык, өткөн жылы түндүк жарым шарда катталган эң ысык жай айында Европадагы жогорку температурадан улам 61 миң адам каза болгонун белгиледи.

Ашыкча температуранын жер которгондордун, кагылышуулардан жабыркагандардын же аялуу чөйрөдө жашагандардын ден соолугуна тийгизген таасиринен да тынчсыздангандарын билдирген Гебреисус Сириянын түндүк-батышында ушул айда 40 өрттүн кабарланганын, үйлөрдү жана чатырларды жабыркатканын айтты.

Гебреисус жогорку температура чарчоону же ысык соккуну пайда кылып, жүрөк, кан тамыр, дем алуу, бөйрөк оорулары жана психикалык ден соолук менен байланышкан көйгөйлөрдү күчөтүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Карылардын, бөбөктөрдүн, сыртта иштегендердин жана өнөкөт оорулары барлардын ысыкка алсыз экенин баса белгилеген Гебреисус: «Ысык аба ырайынын терс кесепеттерин мүмкүн болушунча күндүн эң ысык сааттарында сыртка чыкпоо жана суусуз калуу сыяктуу акыл-эстүү чараларды көрүү менен алдын алууга болот»,- деди.

Гебреисустун айтымында, өкмөттөр өз жарандарына эффективдүү коммуникация, ошондой эле эрте эскертүү жана кийлигишүү системалары менен пландарды түзүү аркылуу өтө ысыктан жабыркабоодон коргонууга жардам бере алышат.



Тектеш кабарлар