Пашинян: «Биз тынымсыз кагылышууда жашай албайбыз»

Пашинян Армениянын борбор шаары Ереванда өткөргөн маалымат жыйынында Азербайжан менен тынчтык келишими жана Түркия менен нормалдашуу процесси үчүн сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын билдирди.

2016234
Пашинян: «Биз тынымсыз кагылышууда жашай албайбыз»

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжан менен өлкөсүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болушун каалагандарын айтты.

Пашинян Армениянын борбор шаары Ереванда өткөргөн маалымат жыйынында Азербайжан менен тынчтык келишими жана Түркия менен нормалдашуу процесси үчүн сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын билдирди.

Дүйнөдө Карабахты Азербайжандын жери катары тааныбаган бир дагы өлкө жок экенине көңүл бурган Пашинян, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Минск тобунун да Карабактын Азербайжандын эгемендигинде экенин кабыл алганын эске салды.

Эл аралык коомчулуктун Карабах үчүн түз чечүүнү каалаганына көңүл бурган Пашинян, дүйнөдө жалгыз жашабагандарын, эл аралык коомчулуктун кызыкчылыктарына ылайык иш кылышы керектигин айтты.

Пашинян: «Армения жаңжал тартибинде көпкө жашай албайт. Биз нан, электр энергиясы, жол эле эмес, мамлекет жок болгон абалга түшүп калышыбыз мүмкүн. Биз Европа жана Орусия менен кошуна эмеспиз. Грузия, Азербайжан, Түркия жана Иран менен кошунабыз.  Проблемаларды чечүүдө биринчи кезекте бул маселе каралышы керек. Биз алдыга жылышыбыз керек»,-деп айтты.

Америка Кошмо Штаттарынын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу аракеттерин жогору баалашкандарын, Орусиянын процесстеги активдүүлүгүнүн күн тартибиндеги Украина маселесине байланыштуу бир аз төмөндөгөнүн, абалдын Евробиримдик (ЕБ) менен бирдей экенин белгилеген Пашинян, маселенин Орусия же Батышты процесстен четтетүү эмес экенин жана жыйынтыкка жетишүүнү каалап жатышканын айтты.



Тектеш кабарлар