Орусия: «Путиндин Түркияга сапары пландалууда»
Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков борбор шаар Москвада журналисттерге Путиндин президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуу планына байланыштуу билдирүү жасады.
Орусиянын Президенттик сарайы Кремль, президент Владимир Путиндин Түркияга сапары үчүн план түзүлүп жатканын жарыялады.
Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков борбор шаар Москвада журналисттерге Путиндин президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуу планына байланыштуу билдирүү жасады.
Путиндин 28-майда болгон президенттик шайлоодо Эрдоган жеңгенден кийин дароо Түркияга келүүнү убада кылганын белгилеген Ушаков: «Путиндин Түркияга сапары тууралуу түрк жана орус тараптын пландары бар экенин ырастай алам, бирок биз азырынча конкреттүү дата жана убакыт боюнча макулдаша элекпиз»,- деди.
Журналисттердин эки лидердин жолугушуусунда дан келишими маселеси күн тартибине киргизилеби деген суроосуна Ушаков эки лидердин телефон аркылуу да, бетме-бет жолугушууларда да бул маселени талкуулоосу табигый көрүнүш экенин кошумчалады.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.