Ооганстанда сел каптап 12 киши каза тапты

Ооганстандын Мейдан Вардак провинциясында болгон селден 12 адам каза болду.

2014951
Ооганстанда сел каптап 12 киши каза тапты

Ооганстандын Мейдан Вардак провинциясында болгон селден 12 адам каза болду.

Талибандын убактылуу өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө, Мейдан Вардактын Желриз районунда болгон селде 12 кишинин каза болгонун билдирди.

Сел астында калган 40 кишиден кабар болбогонун белгилеген Мужахид, окуяда жаралангандардын да бар экендиги тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Мүжахид жардам мекемелерин сел каптаган аймакка гуманитардык жана медициналык жардам  жеткирүүгө чакырды.

Аймакта каза болгондордун саны көбөйөт деп кооптонууда.



Тектеш кабарлар