Лукашенко: «Вагнеристтер бизге кыйынчылык туудура башташты»

Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен Санкт-Петербургда жолугушту.

2014923
Лукашенко: «Вагнеристтер бизге кыйынчылык туудура башташты»

Беларустун президенти Александр Лукашенко анын өлкөсүндө жайгашкан орусиялык жеке коопсуздук компаниясы «Вагнердин»  жалданма согушкерлери батыш тарапка кетүүнү каалап жатканын билдирди.

Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен Санкт-Петербургда жолугушту.

Жолугушууда украин армиясы көп сандагы жоокерин жоготконун билдирген Лукашенко: «АКШнын эсеби боюнча, Украина контрчабуулдан бери 26 миң аскерин жоготту»,-деди.

Лукашенко өз өлкөсүндө жайгашкан «Вагнер» согушкерлерине да баа берип:«Вагнеристтер бизге кыйынчылык туудура башташты, алар батышка кетүүнү каалап жатышат. «Варшавага, Жешовго саякатка чыгалы» дешет. Мен аларды макулдашылгандай Беларустун борборунда кармап турам»,-деп айтты.

Украинанын контр чабуулда 26 миңден ашуун аскерин жоготкондугун баса белгилеген Путин: «Каршы чабуул бар, бирок ал ишке ашпай калды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар