Кытай Орусия менен Украинаны дан жана жер семирткич экспортун улантууга чакырды

Кытайдын глобалдык телекөрсөтүү тармагынын (CGTN) кабарына караганда, Гинг Орусиянын Кара деңиз дан келишиминен чыгышына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде билдирүүлөрдү жасады.

2014898
Кытай Орусия менен Украинаны дан жана жер семирткич экспортун улантууга чакырды

Кытайдын БУУдагы (БУУ) туруктуу өкүлүнүн орун басары Гинг Шуанг Орусия менен Украинаны өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү азык-түлүк кризисин жеңилдетүү үчүн «мүмкүн болушунча тезирээк дан жана жер семирткич экспортун улантууга» үндөдү.

Кытайдын глобалдык телекөрсөтүү тармагынын (CGTN) кабарына караганда, Гинг Орусиянын Кара деңиз дан келишиминен чыгышына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде билдирүүлөрдү жасады.

Дан келишиминин дүйнөлүк азык-түлүк камсыздоосун коргоо жана базарды турукташтыруу үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеген Гинг, Орусия менен Украинаны «кыска убакытта дан жана жер семирткич экспортун улантууга» чакырды.

Гинг эки өлкө тең Бириккен Улуттар Уюмунун тиешелүү бөлүмдөрү менен өздөрүнүн мыйзамдуу тынчсызданууларын чечүү үчүн иштешет деп ишенгендигин билдирди жана бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө азык-түлүк кризисин жеңилдетүү үчүн өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Орусиянын Украинага кол салышынын дүйнөлүк азык-түлүк бааларына тийгизген таасирин азайтуу максатында БУУ, Орусия, Түркия жана Украина 2022-жылы 22-июлда Стамбулда өткөрүлгөн азем менен Кара деңиз дан коридору келишимине кол коюшту.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, мөөнөтү аяктаган Кара деңиз дан коридору келишимине байланыштуу билдирүү жасап:"Дан коридору келишими иш жүзүндө аяктады, ал токтотулду. Тиешелүү шарттар аткарылса эле Орусия дан келишимине дароо кайтып келет. Келишимдин Орусияга байланыштуу бөлүгү аткарылган жок»,-деп айткан болчу.



Тектеш кабарлар