Путин: "Бардык шарттар аткарылса, Кара деңиз дан коридору келишимине дароо кайтып келебиз"

Путин борбор шаар Москвада өкмөт өкүлдөрү менен өткөргөн жолугушууда Кара деңиз дан коридору келишимине баа берди.

2013755
Путин: "Бардык шарттар аткарылса, Кара деңиз дан коридору келишимине дароо кайтып келебиз"

Орусиянын президенти Владимир Путин, бардык шарттар аткарылса, Кара деңиз дан коридору келишимине дароо кайтып келе тургандарын айтты.

Путин борбор шаар Москвада өкмөт өкүлдөрү менен өткөргөн жолугушууда Кара деңиз дан коридору келишимине баа берди.

Батыш өлкөлөрүнүн «менменсинген» мамилесине карабастан Орусиянын келишимди көп жолу узартканын белгилеген Путин: "Биз чет элдик кесиптештерибиз макулдашылган жана бекитилген шарттарды толугу менен аткара баштайт деп күткөнбүз, бирок андай болгон жок",-деди.

Келишимдин токтотулушунан батыш өлкөлөрү жооптуу экенин белгилеген Путин, Орусиянын жакыр өлкөлөргө жер семирткичтерди бекер жөнөтүү аракетине да Батыш өлкөлөрү тоскоол болгонун белгилеп: "Келишим азыркы түрүндө маанисин жоготту",-деди.

Путин, келишимдин улануусу үчүн Орусиянын ар кандай шарттары бар экенине көңүл буруп, азык-түлүк жана жер семирткич кызматтарын көрсөткөн орус банктары жана каржы мекемелери, орус дан азыктарын эл аралык базарларга ташууга жана айыл чарба шаймандары менен жабдыктарды Орусияга ташууга тоскоолдуктардын жоюлушу керектигин баса белгиледи.

Орус кемелери үчүн камсыздандыруу маселесинин да чечилиши керектигин белгилеген Владимир Путин: "Эң акыркы, Орусиянын келишимге кайтуусунун негизги шарты - бул келишимдин гуманитардык маңызын калыбына келтирүү. Эгерде биз мурда макулдашылган бул шарттардын баары аткарылса, биз дароо бул келишимге кайтабыз",-деди.



Тектеш кабарлар