Багдатта Швециянын элчилиги өрттөлдү

Садр кыймылынын тарапкерлери Швеция элчилигинин жанына барып Куранга каршы аракеттерге нааразылык билдире башташты.

2013809
Багдатта Швециянын элчилиги өрттөлдү

Ирактын баш калаасы Багдадда шийилердин диний жана саясий лидери Муктада эс-Садр башында турган Садр кыймылы менен байланышы бар топтор Швеция элчилигинин имаратына кирип, айрым бөлүктөрүн өрттөштү.

Садр кыймылынын тарапкерлери Швеция элчилигинин жанына барып Куранга каршы аракеттерге нааразылык билдире башташты.

Демонстранттар элчиликтин айланасындагы бетон тосмолорду бузуп, Швециянын өкмөтүнө каршы ураандар менен элчиликтин бакчасына киришти.

Демонстранттар Швеция элчилигинин имаратынын айрым бөлүктөрүн өрттөштү.

Ирактын тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө Багдаддагы Швеция элчилигинин өрттөлүшү катуу айыпталганын белгилеп: "Бул иш-аракет дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кол салуу жана алардын коопсуздугуна коркунуч туудурган чөйрөгө кирет", - деди.

Билдирүүдө өкмөт коопсуздук күчтөрүнө Швеция элчилигине каршы акцияны уюштургандарды таап, жазалоо жана окуянын аркасында тургандарды ачыктоо үчүн тергөө иштерин баштоону буйруганы да айтылды.

Садристтер буга чейин Швеция элчилигинин имаратын тинтүү менен акция уюштурушкан.



Тектеш кабарлар