Нигерияда Сибирь жарасынын биринчи учуру аныкталды

Нигерия айыл  - чарба жана элет жерлерин өнүктүрүү министрлигинен берилген маалыматта Сибирь жарасынын биринчи учуру Нигер штатында аныкталгандыгы белгиленди.

2013083
Нигерияда Сибирь жарасынын биринчи учуру аныкталды

Батыш Африка өлкөлөрүнөн Нигерияда Сибирь жарасынын биринчи учуру аныкталды.

Нигерия айыл  - чарба жана элет жерлерин өнүктүрүү министрлигинен берилген маалыматта Сибирь жарасынын биринчи учуру Нигер штатында аныкталгандыгы белгиленди. 

Билдирүүдө  : "Нигер аймагында бодо мал жана эчкилер багылган фермадагы малдардан Сибирь жарасынын  аныкталышынан тынчсыздануудабыз",- деп айтылды. Сибирь жарасы чыккан фермага  ветеринардык топтордун жөнөтүлгөндүгү айтылды.

Сибирь жарасы  буга чейин Батыш Африка өлкөлөрү Буркина-Фасо, Того, Бенинде жана Ганада катталган.

Нигериянын айыл чарба жана элет жерлерин  өнүктүрүү министрлиги Сибирь жарасы эпидемиясынын өлкөгө жайылуу ыктымалдыгы  боюнча   сигнал берген.  

Өлүмгө алып келүүчү оору болгон Сибирь жарасы чөп жеген жаныбарларда, өзгөчө кой, эчки, бодо малдарда кездешет.

Сибирь жарасынын вирусу ылаңдаган мал менен түздөн-түз байланышта болуу ошондой эле таза эмес жана  жакшы бышырылбаган  жаныбарлардан алынган азыктардан жугушу мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар