Кулеба: «Орусиянын дан келишимин токтотуусу Азия жана Африка өлкөлөрүнө зыян тийгизди»

Кулеба Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде өткөн Украина отурумунун алдында басма сөзгө билдирүү жасады.

2012853
Кулеба: «Орусиянын дан келишимин токтотуусу Азия жана Африка өлкөлөрүнө зыян тийгизди»

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиянын Кара деңиз дан коридору келишимин токтотуусунун өзгөчө Азия жана Африка өлкөлөрүнө зыян келтиргенин белгиледи.

Кулеба Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде өткөн Украина отурумунун алдында басма сөзгө билдирүү жасады.

Украина данынын дүйнөлүк базарларга ташылышынын камсыздалышынын маанисине көңүл бурган Кулеба чечүүчү жол табуу үчүн «саясий эрк» керек экенин жана кызуу сүйлөшүүлөрдүн улана турганын айтты.

Кулеба: «(Кара деңиз дан коридорунун келишиминин токтотулушу менен) Орусия өзгөчө Африка жана Азия өлкөлөрүн азык-түлүк бааларынын көтөрүлүшүнө жана ачарчылыкка дуушар кылды. Муну токтотуу керек. Бул абал ар бир адамдын баш оорусу, азыр эми Орусия чыгарган башка бир көйгөйдү чечүү менен алектенишибиз керек»,-деп айтты.

Орусия Крымды басып алуусун токтотпогон жана ар кимди «коркута алам» деген ойду уланта бергенде ушул сыяктуу маселелердин улана берерине сереп салган Кулеба: «Маселени чечүүнүн эң жакшы варианты Орусияны жеңүү жана аны чегинтүү»,-деди.

Орусиянын келишимге байланыштуу так билдирүүлөрдөн качканын белгилеген украиналык министр, келишимдин кээ бир документтерде убактылуу токтотулганын, кээ бирлеринде да такыр токтотулганын белгилегендерин билдирди.



Тектеш кабарлар