Дан келишимин токтоткондугу боюнча Орусияга чет элдик каршы чыгуулар...

Кара деңиз Дан коридору келишимин токтоткондугунан улам Орусияга чет элдик каршы чыгуулар күч алды.

2012826
Дан келишимин токтоткондугу боюнча Орусияга чет элдик каршы чыгуулар...

Швейцария, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриштин Кара деңиз дан коридору келишиминин жаңыланышы үчүн аракеттерин колдогондорун билдирди.

Швейцариянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Швейцария Орусиянын Кара деңиз дан коридору келишими боюнча чечимине (чыгып кетишине) өкүнүчүн билдирет жана глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жакынкы келечекте жаңыртылат деп үмүттөнөт. Түркиянын жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин бул жаатта талыкпас аракетин кубаттайбыз жана колдойбуз»,-деп айтылды.

Германиянын канцлери Олаф Шольц да Орусиянын Кара деңиз аркылуу эгин ташуу келишимин жаңыртпагандыгын жаман кабар катары сыпаттады.

Шольц: «Коңшу өлкөсүн ушундай агрессия менен басып кирген өлкө үчүн бул ошол эле учурда бүткүл дүйнөгө да жаман кабарынын белгиси»,-деди.

Италиянын премьер-министри Жорджия Мелони Орусиянын Кара деңиз дан келишиминен чыгышы тууралуу: «Дүйнөнү азыктандырган чийки затты курал катары колдонуу адамзатка каршы дагы бир кылмыш»,- деп айтты.

Англиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли болсо Орусиянын президенти Владимир Путиндин азык-түлүктү «курал» катары колдонгонун белгилеп, Орусиянын Кара деңиз дан коридору келишиминен мөөнөтүн узартпастан чыгуусун катуу айыптады.

Клеверли Орусияны былтыр Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан иштелип чыккан демилгеге кайра кошулууга жана эгинди тоскоолдуксуз экспорттоого уруксат берүүгө чакырды.

Франциянын Тышкы иштер министрлиги да Орусиянын Кара деңиз дан коридору келишимин токтотуу менен «Украина портторуна мыйзамсыз блокада койгонун» кабарлады жана бул чечимди айыптады.

Билдирүүдө Орусияны дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу боюнча «шантажды» токтотууга жана кабыл алынган чечимден артка чегинүүгө чакырды.

Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар координатору Жон Кирби да Орусиянын Кара деңиз дан коридору келишиминен чыгуу чечимин «жоопкерчиликсиз жана коркунучтуу» деп мүнөздөдү.

Кирби бул чечим азык-түлүк жетишсиздигин күчөтүп, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон аялуу адамдарга зыян келтирерин айтты.

«Орусиянын Украина портторуна карай эффективдүү блокадасын кайра баштоосу жана дандын дүйнөлүк базарга чыгуусуна бөгөт коюу чечими» бүткүл дүйнө элдерине таасир этээрин айткан Кирби : «Орусия бул согуштук агрессия кыймылынын натыйжаларынан толугу менен жана керт башы менен жооптуу болот»,-деп айтты.

Кирби Орусиянын президенти Владимир Путинди чечимин жокко чыгарууга чакырганын кайталады.

Австралиянын тышкы иштер министри Пенни Вонг да Твиттерде Орусиянын келишимден чыгуу чечими эң аярлуу адамдарга зыян келтирээрин бөлүштү.

Дан келишиминин Индо-Тынч океан жана Африкадагы азык-түлүк суроо-талабын камсыз кылуу үчүн өзгөчө маанилүү экенин баса белгилеген Вонг: «Биз Орусияны сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга чакырабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар