Швецияда мусулман активист ыйык китептерди урматтоого чакырды

Митингди уюштуруу үчүн элчиликке барган Аллуш бул акцияга эч бир ыйык китептин өрттөлбөшү керектигине көңүл буруу үчүн уруксат алганын билдирди.

2011900
Швецияда мусулман активист ыйык китептерди урматтоого чакырды

Швеция полициясынан Израилдин Стокгольмдогу элчилигинин алдында Тоорат жана Библияны өрттөөгө уруксат алган сириялык мусулман Ахмет Аллуш өлкөдө Куран өрттөлүүчү провокацияларга жооп катары жогоруда айтылган ыйык китептерди өрттөгөн жок.

Митингди уюштуруу үчүн элчиликке барган Аллуш бул акцияга эч бир ыйык китептин өрттөлбөшү керектигине көңүл буруу үчүн уруксат алганын билдирди.

Аллуш: «Мен мусулманмын, ыйык жана диний китептерди өрттөй албайм»,-деди.

Аллуш Швецияда полициянын коргоосу астында Куран өрттөлгөн провокацияларга токтолуп: «Сөз эркиндиги менен этникалык топторду кемсинтүүнүн ортосунда айырма бар. Куран жана башка диний китептерди өрттөө жек көрүү кылмышы болушу керек. Буга көңүл буруу үчүн мен полициядан Тоорат менен Библияны өрттөөгө уруксат алдым. Мен, албетте, диний китепти өрттөгөнгө эч качан ниеттенген жокмун»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар