Путин Вагнердин мыйзамдуу түрдө жок экендигин айтты

Владимир Путин  «Коммерсант» гезитине берген билдирүүсүндө орус башкаруусуна каршы чыккан жалданма Вагнер тобуна карата баа берди.

2011484
Путин Вагнердин мыйзамдуу түрдө жок экендигин айтты

Россиянын президенти Владимир Путин Вагнер жалдарнма аскер тобунун мыйзамдуу түрдө жок экендигин айтты. 

Владимир Путин  «Коммерсант» гезитине берген билдирүүсүндө орус башкаруусуна каршы чыккан жалданма Вагнер тобуна карата баа берди.

Орус коому үчүн абалдын абдан ачык экенин белгилеген Путин Вагнер согушкерлеринин намыс менен согушкандыгын бирок 24-июндагы көтөрүлүш окуясына тартылгандыгын, мунун тынчсыздантуучу экендигин айтты. 

Путин : "Алар менен өткөргөн жыйында бир тараптан согуш аянтында жасагандарын, бир тараптан 24 -  июндагы окуяларында эмнелерди кылгандарын карап чыктым. Кагылышууларга кошулуу, келечектеги кызматтары үчүн ыктымалдуу варианттарды көрсөттүм. Болгону ушул",- деди. 

Вагнердин согуштук бөлүк катары калабы деген суроо боюнча Путин : "Жалданма аскердик компания Вагнер жок. Жеке аскердик компаниялар тууралуу мыйзамыбыз жок. Тактап айтканда мыйзам жок болсо, жалданма аскердик компания Вагнер да жок. Бир топ бар бирок мыйзамдуу түрдө  жок",- деди. 

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да журналисттерге «Вагнердин мыйзамдуу түрдө жок экендигин» белгилеп, бул маселенин кошумча экспертизаны жана баа берүүнү талап кылгандыгын,  мындай компаниялардын укуктук статусунун татаал экендигин айтты.

 



Тектеш кабарлар