Курскта атомдук станцияда бир блок жабылды

Бүгүн  Россияда учкучсуз учуучу аппарат кырсыкка учураган   Курск шаарындагы АЭСтин бир блогу техникалык тейлөө үчүн жабылгандыгы маалымдалды.

2011494
Курскта атомдук станцияда бир блок жабылды

Бүгүн  Россияда учкучсуз учуучу аппарат кырсыкка учураган   Курск шаарындагы АЭСтин бир блогу техникалык тейлөө үчүн жабылгандыгы маалымдалды. 

Орус атомдук энергия фирмасы Розенергоатом тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Курск атомдук станциясындагы блоктордун биринин оңдоого алынгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө блоктун мурда пландалган оңдоо иштеринен улам электр түйүнү менен байланышынын толугу менен үзүлгөндүгүнө орун берилген маалыматта блоктун  процесстен кийин  кайрадан ишке кирээри белгиленди.

Курск губернатору Роман Старовойт аймакта учкучсуз учуучу аппаратынын кырсыкка учурагандыгын жана негизги инфраструктурага зыян келтирилбегенин билдирген.

Кремлдин  басма сөз катчысы Дмитрий Песков да темага байланыштуу билдирүүсүндө Украинанын Курск атомдук станциясы жайгашкан аймактарга жасаган кол салууларынын Россиянын коргонуусу менен ийгиликтүү кайтарылганын жана керектүү чаралардын көрүлгөнүн айтты.

 

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, учкучсуз учуучу аппараттын Украинага таандык экенин белгилеп: «Аларды Киев режимине берген өлкөлөр ядролук кырсык боло турган болсо  Марска жайгашууну пландап жатабы?» деди. 



Тектеш кабарлар