НАТОдон Кытайга эскертүү...

Столтенберг Литванын борбор шаары Вильнюста өткөрүлгөн НАТО саммитинин соңунда өткөргөн маалымат жыйынында суроолорго жооп берди.

2010770
НАТОдон Кытайга эскертүү...

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Кытайдын 2035-жылга чейин бүт Түндүк Америка менен Европага жете ала турган ракеталарда 1500 ядролук дүрмөткө ээ болорун болжолдогондорун айтты.

Столтенберг Литванын борбор шаары Вильнюста өткөрүлгөн НАТО саммитинин соңунда өткөргөн маалымат жыйынында суроолорго жооп берди.

Кытай тууралуу суроого жооп берген Столтенберг, НАТОнун саммитинен жана өзгөчө НАТОнун Австралия, Жаңы Зеландия, Түштүк Корея жана Япония менен болгон сүйлөшүүлөрүнөн Кытайга каршы күчтүү билдирүүлөр болгонун айтты.

Коопсуздуктун бир гана аймактык эмес, глобалдык экенин баса белгилеген Столтенберг, Кытайдын аскердик мүмкүнчүлүктөрүнө инвестиция салганына көңүл бурду.

Столтенберг: «Биз Кытайдын 2035-жылга чейин Түндүк Америка менен Европанын баарына, тактап айтканда НАТОнун аймагына жете ала турган ракеталардагы 1500 өзөктүк дүрмөткө ээ болоорун божомолдоп жатабыз. Биз Кытайдын канчалык жакындаганын көрүп жатабыз», - деди.

Кытайдын Африка жана Арктика аймагы сыяктуу дүйнөнүн көптөгөн жерлерине да барганын, маанилүү инфраструктураларды көзөмөлдөөгө аракет кылганын жана кибер мейкиндикке киргенин белгилеген Йенс Столтенберг, НАТОнун Индо-Тынч океан аймагындагы өнөктөштөрү Австралия, Жаңы Зеландия, Түштүк Корея жана Жапония менен деңиз коопсуздугу, жалган маалыматка каршы күрөшүү жана кибер мейкиндик сыяктуу маселелердин үстүндө иштеп жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар