Чоң жетилердин Украинаны колдоо боюнча билдирүүсү

Чоң жетилер (АКШ, Канада, Германия, Англия, Франция, Италия, Япония) НАТОнун саммитинин алкагында Украинага колдоо көрсөтүүнүн коопсуздук негиздерин сунуштаган биргелешкен билдирүү боюнча  макулдашты.

2010776
Чоң жетилердин Украинаны колдоо боюнча билдирүүсү

Чоң жетилер (АКШ, Канада, Германия, Англия, Франция, Италия, Япония) НАТО саммитинин алкагында Украинага колдоо көрсөтүүнүн коопсуздук негиздерин сунуштаган биргелешкен билдирүү боюнча  макулдашты.

Литванын борбор шаары Вильнюста өткөрүлгөн НАТО саммитинин алкагында Чоң жетилер Украинага колдоо көрсөткөн биргелешкен билдирүү жарыялашты.

Билдирүүдө Чоң жетилердин эл аралык тармакта таанылган чек араларынын ичинде өзүн коргой ала турган жана келечектеги кол салууларга тоскоол боло ала турган эркин, көз карандысыз, демократиялык жана эгемендүү Украинанын стратегиялык максатына болгон берилгендик дагы бир жолу тастыкталды.

«Украинанын коопсуздугунун Европа  - Атлантика аймагынын коопсуздугунун бөлүнгүс бир бөлүгү экендигин тастыктап жатабыз»,- деп айтылган билдирүүдө : «Россиянын Украинага карата мыйзамсыз жана себепсиз оккупациясынын эл аралык тынчтык жана коопсуздукка карата коркунуч, эл аралык мыйзамдын ачык түрдө бузулушу жана Чоң жетилердин  коопсуздук кызыкчылыгы менен дал келбеген аракет деп баа берилди»,- деп баа берилди.

Билдирүүдө буларга орун берилди : «Канча убакытка созулса созулсун, Россиянын агрессиясына каршы өзүн коргогон Украинанын жанында болобуз. Демократиялык баалуулуктарыбыз жана кызыкчылыктарыбыз менен баарыдан мурда БУУнун келишимине жана жеринин бүтүндұгүнө, эгемендүүлүк принциптерине сый крсөтүүнүн негизинде Украинага берген туруктуу колдоо тууралуу биримдик ичиндебиз».

Чоң жетиликтин ар бир өлкөсүнүн Украина менен конкреттүү, эки тараптуу, узак мөөнөттүү коопсуздук убадалары жана макулдашуулары боюнча иш алып бара тургандыгы белгиленип, Украинаны учурда коргой ала турган жана орус бийлигин токтото ала турган туруктуу күч менен камсыз кылууну улантуу боюнча макулдашкандыгы баса белгиленди.

Украинанын согуштан улам келип чыккан чукул муктаждыктарына каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүлөрү  белгиленген билдирүүдө Украинанын да убадаларына орун берилип, бул өлкөнүн жалпы коопсуздугуна оң салым кошуу жана биргелешкен жардамга байланыштуу тактык жана  отчет бере ала турган чараларын күчөтүү боюнча милдеттенмеси билдирилди.



Тектеш кабарлар