Кытай дүйнөдөгү биринчи метан менен иштеген ракетасын космоско ийгиликтүү учурду

South China Morning Post (SCMP) гезитинин кабарына караганда, жеке менчик аэрокосмостук компания LandSpace ракетанын космоско учурулушуна байланыштуу билдирүү жасады.

2010486
Кытай дүйнөдөгү биринчи метан менен иштеген ракетасын космоско ийгиликтүү учурду

Кытайдын LandSpace компаниясы тарабынан иштелип чыккан дүйнөдөгү биринчи метан жана суюк кычкылтек менен иштеген «Жуке-2» ракетасы космоско ийгиликтүү жөнөтүлдү.

South China Morning Post (SCMP) гезитинин кабарына караганда, жеке менчик аэрокосмостук компания LandSpace ракетанын космоско учурулушуна байланыштуу билдирүү жасады.

Гоби чөлүндөгү Цзюцюань спутниктик учуруу борборунан учурулган «Жуке-2» өзүнүн пайдалуу жүгүн Күн менен синхрондуу орбитага ийгиликтүү ташыган метан менен иштеген биринчи ракета болуп калды.

Отун катары суюк метанды, кычкылдандыргыч катары суюк кычкылтекти колдонгон ракетанын жүк көтөрүмдүүлүгү төмөн орбита үчүн 6 тонна, Күн менен синхрондуу орбита үчүн 4 тонна.

China Space News маалыматына ылайык, ракетанын узундугу 49,5 метр, диаметри 3,35 метр.

14-декабрда сөз болуп жаткан ракетанын учуруусу ийгиликсиз аяктаган болчу.



Тектеш кабарлар