Канаданын түндүгү эң ысык күндөрдү өткөрүүдө

Канаданын батышындагы ысык аба ырайы да өлкөдөгү токой өртү кризисин күчөттү.

2010203
Канаданын түндүгү  эң ысык күндөрдү өткөрүүдө

Канаданын Түндүк - Батыш Территориялык провинциясынын түндүгүндөгү Батыш жарым шарда 9-июлда 37,7 градус  цельсий ысыктык катталды.

Washington Post гезитиндеги кабарга караганда, экстремалдык аба ырайы боюнча тарыхчы Кристофер Берт бул батыш жарым шарда 65 градус кеңдиктин түндүгүндө өлчөнгөн эң жогорку температура экендигин айтты.

Канаданын батышындагы ысык аба ырайы да өлкөдөгү токой өртү кризисин күчөттү.

Канаданын мекемелер аралык токой өрттөрү борборунун маалыматы боюнча, ушул убакка чейин 22,7 миллион акр  башкача айтканда 9,2 миллион гектардык аянт күйгөн.

Маалыматтарга караганда  бул көрсөткүч 1995-жылы 17,5 миллион акр (7,1 миллион гектар) өрттөлгөн токойлордун рекордунан да ашты.



Тектеш кабарлар