Израиль күчтөрү 16 палестиналыкты камакка алды

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFA бул тууралуу билдирүү жасады.

2010415
Израиль күчтөрү 16 палестиналыкты камакка алды

Израиль күчтөрү басып алган Чыгыш Иерусалим жана Батыш Шериадагы рейддерде 16 палестиналыкты камакка алды.

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, Израиль армиясы Чыгыш Кудс  менен  Батыш Шериадагы Рамалла, Бетлехем, Калкия, Иерихо, Тулкарм, Хеброн жана Наблус шаарларында да  рейд жүргүздү.

Израиль аскерлери Чыгыш Иерусалимде эки, Бетлехемдеги Дехиша качкындар лагеринде үч, Жерихо жана Тулкармда үчтөн, Наблуста экиден, Рамалла, Калкия жана Хеброндо бирден палестиналыкты камакка алды.

Камакка алуу тууралуу   Израиль жетекчилеринен маалымат келген жок.  



Тектеш кабарлар