Австралия Украинага кошумча брондолгон аскердик унаа жөнөтөт

The Age гезитинин кабарына караганда премьер-министр Албаниз Литванын борбор шаары Вильнюс шаарында өткөн НАТО саммитинин алкагында Зеленский менен жолугушту.

2010501
Австралия Украинага кошумча брондолгон аскердик унаа жөнөтөт

Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушкандан кийин Украинага дагы 30 брондолгон аскердик унаа жөнөтө турганын билдирди.

The Age гезитинин кабарына караганда премьер-министр Албаниз Литванын борбор шаары Вильнюс шаарында өткөн НАТО саммитинин алкагында Зеленский менен жолугушту.

Албаниз жолугушуудан кийин Украинага жаңы аскердик жардам тууралуу маалымат берди.

Украинага согушта колдонуу үчүн мурда бөлүнгөн 90 унаага кошумча 30 броне унаа жөнөтө тургандарын түшүндүргөн Албаниз, Украинага бронетранспорттук жардамдын 120га, финансылык жардамдын да болжол менен 890 миллион долларга көбөйөрүн белгиледи.

Албаниз ошондой эле өлкөсүнүн Украинага аскердик жана финансылык колдоо көрсөтүүнү уланта турганын белгиледи.

Зеленский да билдирүүсүндө Австралиянын аскердик курал-жарак линиясын коргоо үчүн чалгындоо учагын жана 100 аскер кызматкерин Украинага жөнөтүү милдеттенмеси үчүн Албанизге ыраазычылык билдирди.

Зеленский Австралиянын өлкөсү менен «ийиндешип» турганына ыраазы экенин айтып, аскердик жардамдын, өзгөчө бронетехниканын «өтө маанилүү» жана «согуш талаасында абдан маанилүү» экенин айтты.



Тектеш кабарлар