Талибан өкмөтү Швециянын Ооганстандагы ишмердүүлүгүн токтотту

Курандын өрттөлүшүн текебердик катары мүнөздөгөн Мужахид, бардык Ислам өлкөлөрүнүн Швеция менен болгон карым-катнаштарын кайра карап чыгышы керектигин айтты.

2009628
Талибан өкмөтү Швециянын Ооганстандагы ишмердүүлүгүн токтотту

Талибандын убактылуу өкмөтү Курандын өрттөлүшүнө уруксат берген Швециянын Ооганстандагы бардык аракеттерин токтотконун жарыялады.

Талибандын убактылуу өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид өзүнүн социалдык медиа баракчасында Швециянын Ооганстандагы бардык иш-аракеттери Курандын өрттөлүшүнө жол бергени үчүн мусулмандардан кечирим сураганга чейин токтотулганын билдирди.

Курандын өрттөлүшүн текебердик катары мүнөздөгөн Мужахид, бардык Ислам өлкөлөрүнүн Швеция менен болгон карым-катнаштарын кайра карап чыгышы керектигин айтты.

2021-жылдын 15-августунда Талибан Ооганстанды басып алгандан кийин, көптөгөн чет өлкөлөр, анын ичинде Швеция Кабулдагы өкүлчүлүктөрүн жапты, бирок Швециянын кээ бир жардам уюмдары өлкөдөгү ишмердүүлүгүн улантты.

Швециянын борбору Стокгольмдо 28-июнда ирактык Салван Момика Стокгольм мечитинин алдында полициянын коргоосунда Куранды өрттөгөн.



Тектеш кабарлар