Макрон Украинага кыйратуучу күчү жогору  алыс аралыкка учуучу жаңы ракеталарды жөнөтө тург

НАТО саммити үчүн Литванын борбор шаары Вильнюска барган Макрон кечээ  Швециянын НАТОго кошулушу үчүн Түркия менен  түзүлгөн келишимди кубаттаганын айтты.

2009962
Макрон Украинага кыйратуучу күчү жогору  алыс аралыкка учуучу жаңы ракеталарды жөнөтө тург

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинага кыйратуучу күчү жогору жаңы алыс аралыкка учуучу ракеталарды жөнөтө тургандарын жарыялады.

НАТО саммити үчүн Литванын борбор шаары Вильнюска барган Макрон кечээ  Швециянын НАТОго кошулушу үчүн Түркия менен  түзүлгөн келишимди кубаттаганын айтты.

Макрон Финляндиянын НАТОго мүчө катары столдо отургандыгына кубанычтуу экендигин белгиледи.

Франциянын Украина  -  Россия согушунун башталышынан бери НАТОнун Чыгыш канатында аскерлерин күчтөндүргөндүгүн белгилеген Макрон 1000 француз аскеринин Румынияда,  300 француз аскеринин Эстонияда экендигин айтты.

Эммануэль Макрон Украинага кыйратуучу күчү жогору  алыс аралыкка учуучу жаңы ракеталарды жөнөтө тургандарын белгиледи.  

Украинага кошумча курал жана аскердик ок-дарылардын жөнөтүлө турганын белгилеген Макрон, Россиянын бул согушта жеңбеши керектигин белгиледи.

Улуттук басма сөздө Франциянын Украинага SCALP тибиндеги ракеталарын жөнөтө тургандыгы маалымдалды.

 

 

 



Тектеш кабарлар