Лавров Кара деңиз дан келишиминин өлкөсүнө тиешелүү бөлүгүнүн аткарылбаганын айтты

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинде борбор шаар Москвада өткөрүлгөн «Орус-Булуң Кызматташтык Кеңешинин 6-Стратегиялык Диалог жыйналышында» Лавров журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2009695
Лавров Кара деңиз дан келишиминин өлкөсүнө тиешелүү бөлүгүнүн аткарылбаганын айтты

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) аракеттерине карабастан Кара деңиз дан келишиминин өлкөсүнө тиешелүү бөлүгүнүн аткарылбаганын айтты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинде борбор шаар Москвада өткөрүлгөн «Орус-Булуң Кызматташтык Кеңешинин 6-Стратегиялык Диалог жыйналышында» Лавров, Кара деңиз дан келишиминин шарттарынын жакшыртылышына байланыштуу журналисттин суроосуна жооп иретинде бул келишимдин Орусияга тиешелүү бөлүгүнүн ишке ашырылбай жатканын айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун жооптуу кызматкерлери бул темада аракет кылып жатканын көптөн бери уккандарын белгилеген Лавров:«Бул укмуштуудай аракеттер эч кандай жыйынтык берген жок. Андыктан мен жок нерсени кантип жакшырта аларымды билбейм»,-деп айтты.

Келишимдин Украинага тиешелүү бөлүгүнүн коммерциялык долбоорго айланганын жактаган Лавров, Украина портторунан экспорттолгон дан көлөмүнүн 3 пайыздан азынын Дүйнөлүк Азык-түлүк Уюмунун тизмесиндеги эң жакыр жана эң муктаж өлкөлөргө кеткенин сөз кылды.



Тектеш кабарлар