Индияда жамгырдан улам сел жана жер көчкү болду

Индияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 80ге жетти.

2009936
Индияда жамгырдан улам сел жана жер көчкү болду

Индияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 80ге жетти.

Индия басма сөзүндө орун алган кабарга караганда өлкөнүн түндүгүндөгү көптөгөн аймактарда 8 - июлдан бери катуу жамгыр жана шамал таасирдүү болууда.

Жаан - чачындан улам болгон сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 80ге жетти.

Уттар - Прадеш штатында нөшөрлөп жааган жамгырда көптөгөн үйлөрдүн, ошондой эле жолдор менен көпүрөлөрдүн жараксыз абалга келгени белгиленди.

Химачал - Прадеш штатынын жетекчиси Джагат Сингх Неги штат боюнча 1300дөн ашык жол, анын ичинде шосселер жамгырдан терс таасирленгендигин билдирди.

Индиянын метеорологиялык кызматы 9 - июлда түндүктөгү Химачал - Прадеш, Уттаракханд, Пенджаб жана Харьяна штаттары үчүн аба ырайы боюнча эң жогорку деңгээлдеги "кызыл эскертүү" жарыялады.



Тектеш кабарлар